"ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ – 2026": КАТЫШУУЧУЛАР МАСТЕР-КЛАСС ӨТКӨРҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

24 Сентябрь 2026 ж. 11:50

Көрүлдү: 193

Бүгүн, 24-сентябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан "Жылдын мыкты мугалими – 2026" республикалык кароо-сынагынын финалдык этабынын экинчи күнү өтүүдө.

post.title

Сынактын экинчи күнүндө катышуучулар өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин көрсөтүп, тааныш эмес класстарда өздөрүнүн окутуу багыттары боюнча мастер-класстарды өткөрүшүүдө.

Мастер-класстын жүрүшүндө педагогдор сабак өтүүдө заманбап усулдарды колдонуу, окуучулар менен натыйжалуу иш алып баруу, алардын активдүүлүгүн арттыруу жана окуу процессин уюштуруу боюнча өз тажрыйбаларын көрсөтүшөт.

Катышуучулардын ишмердүүлүгү педагогикалык ыкмаларды туура тандоосу, сабакты уюштуруу чеберчилиги, окуучулар менен баарлашуусу жана окутуунун натыйжалуулугу сыяктуу критерийлер боюнча бааланат.

Белгилей кетсек, "Жылдын мыкты мугалими – 2026" сынагынын финалдык этабы үч турдан турат: тестирлөө, мастер-класс жана ачык сабак. Сынакка өлкөнүн аймактарынан тандалып алынган 133 мугалим катышууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар