МИНИСТРЛИК МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

23 Сентябрь 2026 ж. 16:48

Көрүлдү: 58

Агартуу министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак жана Чаткал райондорунда окуучулардын каза болушуна байланыштуу жагдайларды тактоо үчүн министрликтин буйругунун негизинде атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдайт. Учурда комиссия жеринде иш алып барууда.

post.title

Министрлик окуучулар арасындагы зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Алсак, 2025-жылы «Э-Күндөлүк» мобилдик тиркемесине «Коркпо, билдир!» анонимдүү билдирүү функциясы киргизилген.

Министрликтин буйругуна ылайык, быйыл жаңы окуу жылынын алдында республика боюнча «Бактылуу бала — бактылуу үй-бүлө — ийгиликтүү мектеп» темасында ата-энелер декадасы өткөрүлдү. Ошондой эле «Ата-энелер мектеби» программасынын алкагында ата-энелердин, окуучулардын жана мугалимдердин ортосундагы байланышты жакшыртууга багытталган иш-чаралар өткөрүлүп, бул багыттагы иштер күчөтүлгөн тартипте улантылууда.

Ата-энелер менен өспүрүмдөрдүн үй-бүлөдөгү баарлашуусун жакшыртуу максатында «Манас КОД» оюну боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыккан. Оюн жакындар менен ачык сүйлөшүүгө жана биргелешип ой жүгүртүүгө түрткү берип, өз ара колдоонун жана маданий мурастарды сактоонун маанисин кызыктуу формада түшүндүрөт. Анын мазмунунда окуяларды айтып берүү жана угуу салтына да орун берилген.

Окуучулардын психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында жалпы билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарына психолог кызмат орду киргизилген.

Ошондой эле быйыл Президенттин жарлыгынын негизинде 500 мектепте пилоттук режимде 3–5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдери ачылган. Бул демилге окуучулардын сабактан тышкаркы убактысын мазмундуу уюштурууга багытталган.

Мындан тышкары, санариптик технологияларды, анын ичинде нейротармактарды колдонуу менен зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча социалдык видеороликтер даярдалып, жайылтылууда.

Аталган чаралар окуучулардын коопсуздугун камсыздоого, зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алууга, алардын психикалык саламаттыгын колдоого жана мектеп менен үй-бүлөнүн кызматташуусун бекемдөөгө багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар