ПЕДАГОГДОРДУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛА ТУРГАН РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТАР БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

23 Сентябрь 2026 ж. 12:07

Көрүлдү: 127

Бүгүн, 23-сентябрда, Бишкек шаарындагы №67 Т. Үмөталиев атындагы жалпы билим берүү мектебинде "Жылдын мыкты мугалими – 2026", "Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026" жана "Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу – 2026" республикалык кароо-сынактарынын ачылыш аземи болуп өттү.

post.title

Сынактардын финалдык этабы Бишкек шаарында 25-сентябрга чейин уланат.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова катышып, сынактын финалдык этабына жеткен бардык катышуучуларды куттуктады.

Ал ар бир катышуучунун республикалык этапка чейин жетиши - чоң жетишкендик экенин белгилеп, сынак педагогдордун кесиптик чеберчилигин көрсөтүү менен катар тажрыйба алмашууга да мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.

"Бул сынак өз күчүңөрдү сынаган аянтча гана болбостон, кесиптик тажрыйба алмашууга, жаңы идеялар менен бөлүшүүгө жана педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Республикалык этапка жеткен ар бириңер жеңүүчүсүңөр. Сиздерге ийгилик каалайм", - деди Надира Джусупбекова.

Белгилей кетсек, сынактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 токтомуна ылайык уюштурулууда.

Облустук жана шаардык этаптардын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган 133 мугалим, 27 тарбиячы жана кошумча билим берүү тармагындагы 8 педагог республикалык сынактын финалдык этабында күч сынашууда.

"Жылдын мыкты мугалими – 2026" сынагы төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

1) Баш байге - "Жылдын мыкты мугалими";
2) Башталгыч класстардын мыкты мугалими;
3) Кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими;
4) Орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими;
5) Математика боюнча мыкты мугалим;
6) Тарых боюнча мыкты мугалим;
7) "Адам жана коом" предмети боюнча мыкты мугалим;
8) Чет тилинин мыкты мугалими;
9) Физика жана астрономия боюнча мыкты мугалим;
10) Информатика боюнча мыкты мугалим;
11) Химия боюнча мыкты мугалим;
12) География боюнча мыкты мугалим;
13) Биология боюнча мыкты мугалим;
14) "Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети боюнча мыкты мугалим;
15) Музыка боюнча мыкты мугалим;
16) Дене тарбия боюнча мыкты мугалим;
17) Көркөм сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим;
18) Аскерге чейинки даярдык боюнча мыкты мугалим.

Финалдык этап үч турдан турат:
- "Педагогикалык кырдаалдар" - тесттик суроолорго жооп берүү жана кырдаалдык маселелерди чечүү;
- "Мастер-класс" - окуучуларды тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча компетенцияларды көрсөтүү;
- "Сабак" - бейтааныш класста сабак өтүү жана аны талдоо.

Конкурстун финалдык этабынын бардык катышуучулары дипломдор жана "Жылдын мыкты мугалими" төш белгиси менен сыйланат. Үч турдун жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл топтогон катышуучу Гран-принин ээси деп табылат.
Ошондой эле республикалык этаптын жыйынтыгы боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен катышуучулар "Билим берүүнүн отличниги" ведомстволук сыйлыгы менен сыйланат.

"Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026" республикалык конкурсу төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлөт:

1) Тарбиячылар;
2) Методисттер;
3) Мамлекеттик тил мугалимдери;
4) Музыкалык жетекчилер.

Финалдык этап үч турдан турат:

- видео-презентация жана портфолио аркылуу кесиптик тажрыйбасын баяндоо;
- тесттик сыноо жана "Педагогикалык кырдаалдар" тапшырмаларын аткаруу;
- санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-класс көрсөтүү.

Жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон төрт педагог жеңүүчү деп табылып, акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланат. Калган катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

"Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу – 2026" республикалык кесиптик чеберчилик сынагы төрт турдан турат:

1) Өзүн-өзү тааныштыруу;
2) Усулдук кейсти жактоо;
3) Көргөзмөлүү сабак;
4) Педагогикалык риторика.

Сынактын жыйынтыгында эң көп упай топтогон катышуучулар жеңүүчү деп табылып, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин I, II жана III даражадагы дипломдору жана ноутбук менен сыйланышат.

Үч сынактын жеңүүчүлөрү Мугалимдер күнүнө карата 5-октябрда өтө турган салтанаттуу иш-чарада сыйланат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар