КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ ПРАКТИКАЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ИШТЕРИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

22 Сентябрь 2026 ж. 18:13

Көрүлдү: 121

Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева Бишкек шаарындагы алдыңкы кесиптик лицейлердин директорлорунун региондорго жасаган кызматтык иш сапарларынын жыйынтыгын талкуулаган кеңешме өткөрдү.

post.title

Кеңешмеде кесиптик лицейлердин жетишкендиктери жана көйгөйлөрү талкууланып, аларды чечүү боюнча тиешелүү сунуштар берилди.

Жетекчилер иш сапардын жүрүшүндө окуу жайлардагы кадрдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү аныктап, лицензиясы жок кесиптер боюнча окутуу сыяктуу мыйзам бузууларга жол бербөө багытында жеринде практикалык жардам көрсөтүштү.

Колдоо көрсөтүү иштери № 31, № 45, № 48, № 51, № 65, № 68, № 71, № 72, № 75, № 106 жана № 108 кесиптик лицейлеринде жүргүзүлдү.

Эмгек жамааттарынын кайрылууларынын негизинде айрым кесиптик лицейлер боюнча административдик мүнөздөгү тиешелүү чечимдер кабыл алынары белгиленди.

Мындан ары негизги иштер кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жана кадрдык дараметти чыңдоого багытталат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар