Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Сентябрь 2026 ж. 17:25
Көрүлдү: 120
Кыргыз Республикасынын агартуу министрлигинин лаборанттардын иши жана мектеп лабораториялары боюнча жообу.
Учурда Базистик окуу планына ылайык, республиканын бардык мектептеринде химия, биология, физика жана башка табигый-илимий багыттагы предметтер боюнча лабораториялык жана практикалык иштер мектептердеги лабораториялык жабдууларды, куралдарды, окуу-көрсөтмө материалдарды, ошондой эле заманбап санариптик билим берүү технологияларын колдонуу менен жүргүзүлөт.
Демонстрациялык лабораториялык жана практикалык иштерди аткарууда интерактивдүү такталар жана санариптик ресурстар да колдонулат.
Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын агартуу министрлиги табигый-илимий багыттагы предметтер боюнча кабинеттердин материалдык-техникалык базасын жаңыртуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Атап айтканда, Азия өнүктүрүү банкынын «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында 2026-жылдын биринчи кварталында өлкөнүн бардык аймактарындагы 220 кластердик мектеп химия, биология, физика жана география сабактарын окутуу үчүн жалпы суммасы 223 млн сомду түзгөн 5500 лабораториялык комплект менен жабдылган. 2026-жылдын аягына чейин дагы 53 инновациялык мектепти жабдуу пландалууда. Мындан тышкары, республиканын мектептерине лабораториялык жабдууларды сатып алуу 2027-жылга карата республикалык бюджетке да киргизилип жатат.
Лаборанттардын штаттык бирдиктерине байланыштуу маселеге токтоло турган болсок, лаборанттын функциялары өзүнчө лабораториялык бөлмөнүн болушу менен гана чектелбестен, практикалык жана лабораториялык сабактарды өткөрүү учурунда жабдууларды жана материалдарды даярдоо, сактоо жана пайдалануу иштерин да камтыйт.
Мында санариптик жана виртуалдык лабораториялар кошумча инструмент катары каралат жана окуучулардын чыныгы жабдуулар жана материалдар менен практикалык иштөөсүн алмаштырбайт. Бул мектептердин штаттык жүгүртмөсүндө лаборант кызмат ордун сактоонун зарылдыгын көрсөтөт.