Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Сентябрь 2026 ж. 16:31
Көрүлдү: 165
Бүгүн, 22-сентябрда, Бишкек шаарында "Мектеп 21" санариптик технологиялар мектебинин алгачкы тандоо этабы — «бассейнге» кабыл алуунун башталышына арналган пресс-конференция өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Sberbank International компаниясынын директору Олег Капитонов, "Мектеп 21дин" башкы кеңсесинин директорунун орун басары Наталья Медведева жана Бишкектеги "Мектеп 21дин" директорунун милдетин аткаруучу Азиза Чистякова катышты.
Бишкекте "Мектеп 21ди" түзүү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылды. Долбоор өлкөдөгү санариптик көндүмдөрдү жана кадрдык дараметти өнүктүрүүгө багытталган.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Сбер менен кызматташуунун алкагында ишке ашырылууда. Анын алкагында Кыргызстандын 18 жаштан жогорку жарандары санариптик көндүмдөрдү акысыз өздөштүрүп, IT тармагындагы кесипке ээ боло алышат.
Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүнкү күндө билим берүү тармагы санариптик технологиялардын жана жасалма интеллекттин өнүгүшүнөн артта калбашы керектигин белгиледи.
"Биздин жалпы милдетибиз — Кыргызстандын жарандарына жаш курагына жана буга чейинки кесиптик тажрыйбасына карабастан, керектүү билимди жана практикалык көндүмдөрдү жеткиликтүү кылуу. "Мектеп 21дин" ачылышы заманбап санариптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана жаңы кесиптик мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга шарт түзөт. Долбоор өлкөнүн кадрдык дараметин өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот деп ишенем", — деди министр.
"Бишкектеги "Мектеп 21" Кыргызстандын экономикасынын ар түрдүү тармактарына керектүү санариптик адистерди даярдоочу практикалык аянтча болот. Долбоор катышуучуларга заманбап санариптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө, кесипке ээ болууга жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жардам берет", — деди Sberbank International компаниясынын директору Олег Капитонов.
"Мектеп 21дин" башкы кеңсесинин директорунун орун басары Наталья Медведева бул жерде билими жана кесиптик тажрыйбасы ар түрдүү адамдар санариптик көндүмдөрдү акысыз өздөштүрө аларын белгиледи.
"Бишкектеги кампус кесиптик коомдоштуктар түзүлгөн, жаңы долбоорлор ишке ашырылган жана командалар калыптанган аянтча болот деп ишенебиз", — деди Наталья Медведева.
"Мектеп 21ге" кабыл алуу бир нече этап менен жүргүзүлөт. Алгач талапкер долбоордун сайты аркылуу арыз берет. Андан кийин логика, эс тутум жана алгоритмдик ой жүгүртүү боюнча онлайн-тесттен өтөт.
Тандоонун акыркы этабы — кампуста өтүүчү 14 күндүк "бассейн". Бул мезгилде катышуучулар жеке жана командалык тапшырмаларды аткарып, программалоонун негиздери менен таанышышат.
Тандоо этабынан ийгиликтүү өткөн катышуучулар негизги окууга кабыл алынат. Алар 22 багыттын бирин тандай алышат. Алардын арасында программалык камсыздоону жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, оюндарды түзүү, киберкоопсуздук, маалыматтарды талдоо, системалык жана бизнес-талдоо, тестирлөө, жасалма интеллект, ЖИ-инженериясы жана технологиялык ишкердик багыттары бар.
Окуу толугу менен практикага багытталган жана тандалган багытка, ошондой эле катышуучунун жеке окуу темпине жараша тогуз айдан эки жылга чейин созулат.
Программа peer-to-peer — бири-биринен үйрөнүү ыкмасына негизделген. Катышуучулар материалдарды өз алдынча өздөштүрүп, тажрыйба алмашып, жеке жана командалык долбоорлорду аткарышат.
Мындай окуу форматы кесиптик көндүмдөр менен катар командада иштөө, өз алдынча чечим кабыл алуу, убакытты туура пайдалануу, өз оюн негиздөө жана орток пикирге келүү жөндөмдөрүн өнүктүрөт.
Окуу санариптик платформа аркылуу жүргүзүлөт. Андагы материалдар эмгек рыногунун талаптарына жараша үзгүлтүксүз жаңыланып турат. Кампус күнү-түнү иштегендиктен, катышуучулар окуу графигин өздөрү түзө алышат. Сунушталган окуу жүктөмү жумасына 20 саатка жакын убакытты түзөт.