Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
22 Сентябрь 2026 ж. 11:17
Көрүлдү: 175
Өлкөнүн улуттук курама командасы Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында 22–27-сентябрь күндөрү өтүп жаткан кесиптик чеберчиликтин 48-дүйнөлүк чемпионаты – WorldSkills Shanghai 2026 чемпионатына катышып жатат.
Команданын катышуусу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана «WorldSkills Kyrgyzstan» коомдук фонду менен биргеликте уюштурулган. Кыргыз делегациясы Шанхайга 16-сентябрда барып, мелдеш башталгандан мурун уюштуруу жана техникалык процедуралардан өтүп, сынак өтө турган жайлар, жабдуулар жана чемпионаттын талаптары менен таанышууда.
Быйыл Кыргызстан дүйнөлүк чемпионатта жети компетенция боюнча катышып жатат:
• «Ширетүү технологиялары» - Марлен Максатов, №22 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүсү;
• «Кулинардык искусство» - Эльдар Омушев, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
• «Мода технологиялары» - Ханифа Сыргакова, №18 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүсү;
• «Өнөр жай дизайнынын технологиялары» - Биназир Мавлянова, «Эл аралык Кыргызстан университетинин» Окуу-илимий-өндүрүштүк комплексине караштуу «Nomad» колледжи;
• «Графикалык дизайн технологиялары» - Мелисса Омурзакова, «Эл аралык Кыргызстан университетинин» Окуу-илимий-өндүрүштүк комплексине караштуу «Nomad» колледжи;
• «Веб-технологиялар» - Бекнур Жееникулов, «Эл аралык Кыргызстан университетинин» Окуу-илимий-өндүрүштүк комплексине караштуу «Nomad» колледжи;
• «Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу» - Акай Аваскулов, «Эл аралык Кыргызстан университетинин» Окуу-илимий-өндүрүштүк комплексине караштуу «Nomad» колледжи.
Ар бир катышуучу WorldSkillsтин эл аралык стандарттарына ылайык эксперт менен биргеликте атайын даярдыктан өттү. Жаш адистер үчүн чемпионат өздөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүүгө, эл аралык тажрыйба топтоого, заманбап технологиялар жана кесиптик билим берүүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Сынактар 64 компетенция боюнча 23–26-сентябрда Шанхайдагы Улуттук көргөзмө жана конгресс борборунда (NECC) өтүүдө. Чемпионатка 68 өлкө жана аймактан 1 385 жаш адис катышууда.
Кыргызстандын WorldSkills кыймылына катышуусу кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Кыргызстан WorldSkills кыймылындагы катышуусун ырааттуу өнүктүрүп келет. 2026-жылы өлкө WorldSkills International уюмунун толук укуктуу мүчөсү болуп, бул кесиптик билим берүү тармагындагы студенттердин, окутуучулардын жана эксперттердин кесиптик өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө шарт түздү.