Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
21 Сентябрь 2026 ж. 17:54
Көрүлдү: 80
21-сентябрда Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева Жети-Өгүз районундагы Ильяс Касендеев атындагы №55 кесиптик лицейде иш сапары менен болду.
Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары окуу жылынын башталышы, окуу процессинин уюштурулушу жана окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен кеңири таанышты.
Лицейдин директору Чыныбек Ажыбеков аткарылып жаткан иштер жана чечүүнү талап кылган көйгөйлөр тууралуу маалымат берди.
Виктория Мозгачева иштерди ыкчамдатуу жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле кесиптик билим берүү тармагын өнүктүрүү багытында министрлик тарабынан пландалып жаткан иштерге токтолду.
Министрдин орун басары №55 кесиптик лицей райондогу жалгыз кесиптик окуу жайы экенин белгилеп, эмгек рыногунун талаптарын жана аймактын кадрларга болгон муктаждыгын эске алуу менен иш алып барууну тапшырды.