КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР БАЛКАН ОЛИМПИАДАСЫНДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЭЭ БОЛУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

21 Сентябрь 2026 ж. 10:31

Көрүлдү: 156

2026-жылдын 14–20-сентябрында Албаниянын Тирана шаарында информатика боюнча XXXIII Балкан олимпиадасы (BOI 2026) өттү. Эл аралык олимпиадага 75 окуучу катышып, информатика боюнча өз билимдерин жана алгоритмдик программалоо жөндөмдөрүн сынашты.

post.title

Кыргызстандын командасы олимпиадада 1 коло медаль жана 1 Ардак грамотага ээ болду.

Коло медаль - “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Эмирхан Сыдыкаев. Команданын машыктыруучусу - Евгений Кичак.

Ардак грамота - “Акылман” Президенттик лицейинин окуучусу Аруубек Баймырзаев. Команданын машыктыруучусу - Медербек Осмонов.

Кыргызстандын командасын Медербек Осмонов жетектеп, команданын жетекчисинин орун басары Евгений Кичак болду.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жеңишке жеткен окуучуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктайт! Аларга мындан аркы олимпиадаларда ийгиликтерди жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар