“АК СУУ” РЕСПУБЛИКАЛЫК ИННОВАЦИЯЛЫК ТУРИЗМ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИНДЕ АЛГАЧКЫ ОКУУ ЖЫЛЫ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

18 Сентябрь 2026 ж. 10:16

Көрүлдү: 54

2026-жылдын 16-сентябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ак Суу” Республикалык инновациялык туризм кесиптик лицейинде алгачкы окуу жылына арналган “Билим аркылуу бийиктиктерге” аттуу иш-чара өттү.

post.title

Иш-чарага окуучулар, ата-энелер, педагогдор, иш берүүчүлөр жана лицейдин өнөктөштөрү катышты. Катышуучулар лицейдин концепциясы, билим берүү багыттары жана туризм тармагындагы кесиптер менен таанышты.

“Биздин лицей үчүн бул жөн гана сабактардын башталышы эмес, жаңы билим берүү жамаатынын жаралышы. Ар бир окуучу өзүнүн маанилүүлүгүн сезип, тандаган кесибинин келечегин көрүп, билим, урматтоо, кызматташтык жана айлана-чөйрө үчүн жоопкерчилик адамга чыныгы бийиктиктерди багындырууга жардам берерин түшүнүшүн каалайбыз”, - деди лицейдин директору Банур Абдиева.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тематикалык станцияларда интерактивдүү сабактарга катышып, билим берүү, кесиптик багыт берүү, ата-энелер менен кызматташуу, коопсуздук, ден соолук жана инсандык өнүгүү боюнча маалымат алышты.

“Ак-Суу” Республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейи Кыргызстандын туристтик индустриясы үчүн кадрларды даярдоонун негизги борборлорунун бири болуп, өлкөдөгү кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошот деп күтүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар