Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
17 Сентябрь 2026 ж. 17:29
Көрүлдү: 133
Бүгүн, 17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алды.
Коомдук кабылдама аркылуу алдын ала жазылган жарандар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча министрге түз кайрылышты.
Министр жарандардын кайрылууларын угуп, ар бир маселе боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берди. Ошондой эле көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде карап чыгып, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча министрликтин башкармалыктарынын башчыларына тапшырмаларды берди.
Жарандардын айрым маселелери боюнча жеринде түшүндүрмөлөр берилип, кошумча кароону талап кылган кайрылуулар тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, министрдин жана министрдин орун басарларынын жарандарды кабыл алуусуна +996 (312) 62-05-19 телефону аркылуу алдын ала жазылууга болот.