МАНАС ШААРЫНДА «АКЫЛМАН» ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИ АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

15 Сентябрь 2026 ж. 15:35

Көрүлдү: 158

Бүгүн, 2026-жылдын 15-сентябрында, Манас шаарында «Акылман» Президенттик лицейинин салтанаттуу ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

post.title

Ошондой эле ачылышка КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.

Лицей 410 окуучуга ылайыкталган. 2026–2027-окуу жылында үч этаптуу сынактан ийгиликтүү өткөн 144 окуучу 7–8-класстарда билим алат. Лицейде жалпы алты класс-комплект түзүлүп, ар бир класста 24төн окуучу окуйт.

Президенттик лицейде 35 заманбап окуу кабинети, профилдик лабораториялар, жабык спорт залы, ден соолукту чыңдоочу бассейн, актылар залы жана ачык спорт аянтчалары бар. Ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган кичи футбол талаасы жана волейбол аянтчасы курулган.

Окуучулардын сапаттуу билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна, чыгармачылык жана интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө бардык шарттар түзүлгөн.

Лицейдин педагогикалык жамаатына конкурстук негизде 30 мугалим, 12 тарбиячы жана 15 ийрим жетекчиси кабыл алынган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев лицейдин окуу корпустарын көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты.

“Билимдүү, мекенчил жана намыскөй муун — биздин эгемендигибиздин эң бекем калканы. Ырыс алды — ынтымак. Элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун! “Акылман” мектебине ак жол каалайбыз!” — деди Адылбек Касымалиев.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар