АГАРТУУ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ №61 МЕКТЕПТЕ ӨТКӨН САЛТАНАТТУУ ЛИНЕЙКАГА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

15 Сентябрь 2026 ж. 13:05

Көрүлдү: 57

Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова Е. Б. Якир атындагы №61 инновациялык физика-математикалык мектебинде өткөн “Биринчи коңгуроо” салтанаттуу линейкасына катышты.

post.title

Быйыл 256 окуучу биринчи жолу аталган мектептин босогосун аттап, алар үчүн алгачкы коңгуроо кагылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Надира Джусупбекова окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, окуучуларга билим алууда ийгиликтерди каалады. Ал мектепте алган билим жана көндүмдөр келечектеги жетишкендиктердин пайдубалы болуп, бүтүрүүчүлөргө жаңы бийиктиктерди багындырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле министрликтин атынан мектепке 10 компьютерге сертификат тапшырды.

Иш-чаранын коноктору үчүн окуучулар концерттик программа тартуулашты. Алар ырларды жана чыгармачылык номерлерди көрсөтүп, жогорку класстын окуучулары биринчи класска кадам таштаган балдарга алгачкы мектеп күнүнө арналган эстелик медалдарды тапшырышты.

Салтанаттуу линейканын соңунда биринчи класстын окуучулары үчүн биринчи коңгуроо кагылып, андан кийин мугалимдери менен бирге класстарга жөнөп, алгачкы класстык саатка катышышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар