Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Сентябрь 2026 ж. 12:48
Көрүлдү: 37
Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев Манас шаарындагы № 4 орто мектепте жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Мухтарбек Баймурзаев мектеп жамаатын, окуучуларды жана ата-энелерди 2026–2027-окуу жылынын башталышы менен куттуктап, министрликтин атынан мектепке жаңы компьютерлер берилерин тастыктаган сертификатты тапшырды.
Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад облустук билим берүү институтунун директору Шаирбек Эргешов, Манас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурбек Караев, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышты.
640 орунга ылайыкталган билим берүү мекемесинде сабактар кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Учурда мектепте 1569 окуучу билим алып, 83 мугалим жана 14 кенже кызматкер эмгектенет.
Мектеп окуу жана спорт багыттарында бир катар ийгиликтерге жетишкен. 1993–2026-жылдар аралыгында 28 бүтүрүүчү «Алтын медаль» жана «Алтын тамга» артыкчылык аттестаттарына ээ болуп, тогуз окуучу республикалык олимпиадаларга катышкан.