Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Сентябрь 2026 ж. 12:47
Көрүлдү: 34
Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка орто мектебинде жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Министрдин орун басары окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди 2026–2027-окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
“Мектеп — ар бир баланын келечегине жол ачып, адам болуп калыптанышына негиз түзгөн билим уясы. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө колдоо көрсөтүлүүдө. Ар бир окуучунун жетишкендигинин артында мугалимдин талыкпаган эмгеги турат. Өлкөбүздүн келечеги үчүн билимдүү жана татыктуу муунду тарбиялап жаткан мугалимдерге терең ыраазычылык билдирем”, — деди Виктория Мозгачева.
Ошондой эле ал министрликтин атынан мектепке 10 даана компьютердин сертификатын тапшырды.
Учурда Военно-Антоновка орто мектебинде 2612 окуучу 82 класста билим алып, 128 мугалим эмгектенет. Быйыл 1-класска 236 окуучу кабыл алынып, сегиз класс түзүлгөн. Алардын төртөөндө окутуу кыргыз тилинде, төртөөндө орус тилинде жүргүзүлөт.