Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Сентябрь 2026 ж. 17:04
Көрүлдү: 121
Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын Братислава шаарына болгон иш сапарынын алкагында Грузиянын билим берүү, илим жана жаштар министри Гиви Миканадзе менен эки тараптуу жолугушуу өттү.
Тараптар билим берүү тармагындагы кыргыз-грузин кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Жалпы билим берүүнү өркүндөтүүгө, санариптик жана STEAM-компетенцияларды өнүктүрүүгө, тажрыйба жана усулдук материалдар менен алмашууга, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Догдуркүл Кендирбаева менен Гиви Миканадзе Кыргызстан менен Грузиянын тиешелүү уюмдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды жана тажрыйба алмашууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.
Меморандумдун алкагында билим берүү уюмдарынын ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү, тажрыйба жана усулдук материалдар менен алмашуу, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу каралган.
Мындан тышкары, Братислава шаарында Австрия Республикасынын өкүлдөрү менен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуу өттү.
Кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана туризм тармагы үчүн кадрларды даярдоого, ошондой эле Австриянын тажрыйбасын эске алуу менен Ысык-Көл облусунда туризм мектебин түзүү долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулап, биргелешкен билим берүү демилгелерин ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.
Өткөрүлгөн жолугушуулар Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө жана билим берүү тармагындагы өнөктөштүк байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болду.