МИНИСТР ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

11 Сентябрь 2026 ж. 16:35

Көрүлдү: 116

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын Словакия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Братислава шаарында Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия регионундагы «Адам капиталы» багыты боюнча регионалдык директору Апарна Соманатан жана билим берүү практикасынын жетекчиси Тобиас Линден менен жолугушуу өттү.

post.title

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын ырааттуу реформалоого жана адам капиталын өнүктүрүүгө умтулуусун белгилешти. Атап айтканда, 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн, мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүүнүн жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын маанилүүлүгү баса белгиленди.

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү демилгелерин ишке ашыруудагы көп жылдык өнөктөштүгү үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирди. Биргелешкен иштин натыйжалары катары мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, билим берүү процессине санариптик инструменттерди киргизүү жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү системасын мындан ары санариптик трансформациялоо, педагогдордун санариптик компетенцияларын өнүктүрүү жана билим берүү чөйрөсүндө жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү колдонуу маселелерин да талкуулашты.

Талкуу Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу өзгөрүүлөрдүн жана Дүйнөлүк банк менен өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында өттү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар