ТАЛАСТА «АКЫЛМАН» ЛИЦЕЙИ АЧЫЛЫП, ӨЛКӨ БОЮНЧА 62 БИЛИМ БЕРҮҮ ОБЪЕКТИСИ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

11 Сентябрь 2026 ж. 16:31

Көрүлдү: 127

Бүгүн, 11-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы «Акылман» президенттик лицейинин ачылыш аземине катышты.

post.title

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкө боюнча 100 социалдык объектти онлайн форматта ишке киргизди. Алардын арасында 34 мектеп, 28 бала бакча жана 12 спорттук имарат бар.

Талас шаарындагы «Акылман» президенттик лицейинин комплексинде окуу корпусу, жатакана, футбол талаасы, жеңил атлетика, баскетбол жана волейбол аянтчалары, ошондой эле воркаут аянтчасы жайгашкан.

Окуу корпусунда 19 окуу кабинети, төрт лаборатория, эмгек жана көркөм сүрөт бөлмөлөрү, медициналык кабинет, 300 орундуу конференц-зал, китепкана, ашкана жана спорт зал бар. Лицейде окуучулардын сапаттуу билим алуусу жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн заманбап шарттар түзүлгөн.

Мамлекет башчысы бул долбоорлор калктын жашоо шартын жакшыртууга, балдардын сапаттуу билим жана татыктуу тарбия алуусуна шарт түзүүгө, саламаттыкты чыңдоого, сергек жашоо образын жайылтууга, дүйнө таанымды кеңейтүүгө жана маданияттын деңгээлин жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Андан соң Президент Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейинде окуучулар жана мугалимдер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар