Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Сентябрь 2026 ж. 13:17
Көрүлдү: 55
Бүгүн, 11-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы «Акылман» президенттик лицейинин ачылыш аземине катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды. Анын алкагында өлкө боюнча 100 социалдык объект онлайн форматта пайдаланууга берилди.
Мамлекет башчысы жаңы лицейдин ачылышы менен куттуктап, бул билим берүү мекемеси өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып алынган зээндүү балдар үчүн билимдин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн очогу болоруна ишеним билдирди.
«Мындан үч жыл мурда Ысык-Көлдө ачылган “Акылман” лицейи да, бүгүн Талас шаарында эшигин ачып жаткан лицей да өлкөбүздүн ар тарабынан тандалып алынган зээндүү балдарыбыз үчүн билимдин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн очогу болот деп бекем ишенем», — деди Президент.
Садыр Жапаров лицейлерде окуучулар заманбап билим алуу менен катар улуттук нарк-насилди, мекенчилдикти жана адамдык бийик сапаттарды өздөштүрүшү керектигин белгиледи.
Президент глобалдашуу доорунда өнүгүүнүн башатында креативдүү жаштар жана заманбап илим турарын айтып, кыргызстандык жаштар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү алдыңкы компанияларда ийгиликтерди жаратып жатканын белгиледи.
«Бизде демдүү, күчтүү, шыктуу балдарыбыз да бар, аларды табына келтире таптаган устаттарыбыз да бар. Ал эми “Акылман” президенттик лицейи чыныгы билим уясына айлансын!» — деди Мамлекет башчысы.