Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Сентябрь 2026 ж. 11:52
Көрүлдү: 60
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.
Алардын ичинен билим берүү тармагы боюнча сыйлангандар:
«Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы:
— Исаков Бектур Сыдыкович — Талас облусунун Талас районундагы Касымкул Нанаев атындагы Арал жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.
«Ардак» медалы:
— Абыканова Бүбүжамал Камбарбековна — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жоробек Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинин химия мугалими;
— Базаркулова Нурсыйда Манасовна — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак-мектебинин химия жана биология мугалими;
— Кендирбаева Умсунай Идрисовна — Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын ардагери;
— Недикова Юлия Григорьевна — Чүй облусунун Сокулук районундагы Кусеин Карасаев атындагы № 1 жалпы билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги сыйлык ээлерин жогорку мамлекеттик сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктайт!