КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН СЛОВАКИЯНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН ОРТОСУНДА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

11 Сентябрь 2026 ж. 10:20

Көрүлдү: 74

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын Словакия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Братислава шаарында Словакия Республикасынын билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министри Томаш Друкер менен эки тараптуу жолугушуу өттү.

post.title

Жолугушуу PISA–2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыктарын аймактык деңгээлде жарыялоонун алдында өтүп, Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нуржан Шайлдабекова да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы бир катар маселелерди талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан мектептик билим берүүнүн 12 жылдык моделине өтүү реформасына өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Д. Кендирбаева словак тарапка реформанын жүрүшү, ошондой эле аны коштогон негизги багыттар тууралуу маалымат берди. Алардын катарында билим берүү процессин санариптештирүү, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга багытталган билим берүүнү башкаруунун бирдиктүү электрондук мамлекеттик тутумун киргизүү, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү жана педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу маселелери бар.

Министр Т. Друкер Словакия Республикасынын билим берүү реформаларын жүргүзүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, туруктуу натыйжаларга жетүү үчүн ырааттуу мамиле, коомдук ишеним жана убакыт маанилүү экенин белгиледи.

Билим берүү тармагына жасалма интеллектти киргизүү, окуучулардын сапаттуу STEM-билим алууга бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле техникалык жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерине да өзүнчө көңүл бурулду. Буга байланыштуу тараптар эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Учурда Словакия Республикасында Кыргыз Республикасынын 4 миңге жакын жараны эмгектенери айтылды. Словакиянын өнүккөн өнөр жай секторун, анын ичинде автомобиль өнөр жайын жана ири эл аралык компаниялардын ишмердүүлүгүн эске алуу менен тараптар кесиптик-техникалык билим берүү багытында тажрыйба алмашуунун келечектүүлүгүн баса белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Словакия Республикасынын Билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министрлиги билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Документ эки ведомствонун мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнө негиз түзөт.

Тараптар диалогду улантууга жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар