Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
9 Сентябрь 2026 ж. 18:16
Көрүлдү: 136
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругунун негизинде республика боюнча ата-энелер декадасы өткөрүлүүдө.
Анын алкагында 2026-жылдын 8–9-сентябрында Бишкек шаарындагы № 40 жалпы билим берүү мектебинде 2026–2027-окуу жылына карата «Биргелешкен ийгиликке 10 кадам» аталышындагы ата-энелер чогулушу өттү.
«Бактылуу бала — бактылуу үй-бүлө — ийгиликтүү мектеп» темасына арналган чогулуш ата-энелер менен мектептин кызматташуусун бекемдөөгө багытталды.
Жолугушууда мектептин ишмердүүлүгү жана жаңы окуу жылына карата даярдыгы тааныштырылды. Мектептин медайымы Жанар Акылбековна окуучулардын ден соолугун сактоо боюнча сунуштарын берди.
Мектеп психологу Нуркыз Таалайбекова балдардын мектепке адаптацияланышы, жаңы чөйрөгө көнүүсү жана бул процессте ата-энелер менен мектептин тыгыз кызматташуусунун маанисине токтолду.
Ошондой эле милициянын лейтенанты Чынгыз Кыдыралиев жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана балдардын жолдогу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Мындан тышкары, ата-энелерге 1 жана 5-класстардын класс жетекчилери тааныштырылып, окуу-тарбия процессин уюштуруунун негизги багыттары баяндалды.
Белгилей кетсек, ата-энелер декадасынын негизги максаты — бала тарбиялоодо ата-энелердин, мугалимдердин жана мектептин өз ара кызматташуусун күчөтүү, ошондой эле ар бир баланын коопсуз жана ийгиликтүү билим алуусуна шарт түзүү.