Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
9 Сентябрь 2026 ж. 17:43
Көрүлдү: 108
Бүгүн, 9-сентябрда, Баткен облусунун Баткен шаарында “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим - өнүккөн өлкө” Улуттук педагогикалык форумунун регионалдык этабынын жыйынтыктоочу иш-чарасы өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана министрликке караштуу билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле Баткен облусунун билим берүү тармагынын 300гө жакын кызматкери катышты.
Форумдун жүрүшүндө билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар, жаңы окуу жылындагы негизги өзгөрүүлөр жана билим берүүнүн мазмунун жаңылоо багытындагы иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Катышуучулар мектепке чейинки, жалпы, кошумча жана кесиптик билим берүү тармактарындагы жаңылануулар, окуу программалары менен билим берүү стандарттарын өркүндөтүү, педагогдордун кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын баалоонун жаңы ыкмалары менен таанышты.
Ошондой эле 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн алкагында аткарылып жаткан иштер, окуу китептери менен камсыздоо, санариптик билим берүү ресурстарын өнүктүрүү жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Форумдун алкагында секциялык жыйындар өткөрүлүп, анда адистер катышуучуларды кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча түшүндүрмө берип, суроолоруна жооп беришти.
Эске салсак, Улуттук педагогикалык форумдун регионалдык этабы 2026-жылдын 2-сентябрында башталып, бүгүн, 9-сентябрда жыйынтыкталды. Форумдун регионалдык этаптары ушул аралыкта Кыргызстандын бардык облустарында өткөрүлдү.
Регионалдык этаптардын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, педагогдор жана билим берүү кызматкерлери жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жаңы демилгелер боюнча маалымат алышты.