АГАРТУУ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ФРАНЦИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

9 Сентябрь 2026 ж. 17:35

Көрүлдү: 108

Бүгүн, 9-сентябрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай менен жолугушту.

post.title

Жолугушуу Франциянын Кыргызстандагы Элчилигинин мектептик жана университеттик билим берүү маселелери боюнча аймактык атташеси Грета Комюр-Тиллуанын Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында өттү. Ага ошондой эле Франция Элчилигинин маданият боюнча атташеси Этьен Лансело, Кыргызстандагы Campus France борборунун координатору Клод Фуко жана Бишкектеги Француз альянсынын президенти Гүзель Ишенова катышты.

Тараптар билим берүү тармагындагы кыргыз-француз кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, Кыргыз Республикасында француз тилин окутууну колдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Тактап айтканда, француз тилин окутуунун усулдарын өркүндөтүү, педагогикалык тажрыйба алмашуу жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери каралды. Жолугушуунун катышуучулары тилдик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган заманбап ыкмаларды билим берүү процессине киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жетишилген макулдашуулардын алкагында 2026-жылдын 30–31-октябрында француз тили мугалимдери үчүн семинар өткөрүү пландалууда. Иш-чара педагогдордун кесиптик компетенцияларын жогорулатууга, практикалык тажрыйба алмашууга жана француз тилин окутуунун заманбап усулдарын өздөштүрүүгө багытталат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү кызматташтыкты улантууга, тилдик билим берүү жаатындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана кыргыз-француз кызматташтыгын мындан ары чыңдоого даяр экенин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар