Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
5 Сентябрь 2026 ж. 15:00
Көрүлдү: 36
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында (кесиптик лицейлерде) 2026–2027-окуу жылы 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 3-июлунда аяктайт.
Мындай чечим кесиптик башталгыч билим берүү деңгээлинде окуу жылынын оптималдуу узактыгын белгилөө жана окуу жүктөмүн сарамжалдуу бөлүштүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 591 токтому жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбордун 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 01-06/129 сунуш-эсептөөлөрү эске алынды.