“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСУНУН КАЛЫСТАР ТОБУНУН КУРАМЫНА ТАЛАПКЕРЛЕР КАБЫЛ АЛЫНАТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

4 Сентябрь 2026 ж. 15:14

Көрүлдү: 139

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2026-жылдагы “Жылдын мыкты мугалими” республикалык конкурсунун калыстар тобунун курамына талапкерлерди кабыл алууну баштайт.

post.title

Тандоо критерийлери:

Калыстар тобунун курамына талапкерлер төмөнкү талаптардын бирине ылайык келүүгө тийиш:

• учурда кесиптик билим берүү уюмунда же кошумча кесиптик билим берүү уюмунда иштөөсү; же

• “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”, “Билим берүүнүн ардактуу кызматкери”, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” наамдарынын бирине ээ болушу; же

• Педагогика илимдери боюнча жана (же) финалдык сынактын катышуучулары окуткан тиешелүү предметтер боюнча илимий даражага ээ болушу; же

• акыркы үч жылдагы “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун жеңүүчүсү болушу.

Талапкерлер жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келерин ырастаган тиешелүү документтерди (дипломдорду, сертификаттарды жана башка ырастоочу документтерди) берүүгө тийиш.

Мындан тышкары калыстар тобунун курамына “Мастер-класс”, “Сабак” конкурстук сыноолорун баалоо үчүн калыстар тобунун курамын түзүүгө окуткан предмети боюнча адистешкен эксперттерден, бүтүрүүчү класстардын окуучуларынан, жогорку окуу жайлардын студенттеринен жана коомдук өкүлдөрдөн арыздар кабыл алынат.

Өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөндөр паспортунун көчүрмөсүн, резюмесин жана кайсы калыстар тобуна (чоң калыстар тобуна, кичи калыстар тобуна же предметтик калыстар тобуна) талапкер экендигин көрсөтүү менен тиешелүү документтерди mektepedudep@gmail.com электрондук дарегине 2026-жылдын 15-сентябрына чейин жөнөтүүгө тийиш.

Тандалып алынган калыстар тобунун мүчөлөрүнө атайын билдирүү 2026-жылдын 20-сентябрына чейин жөнөтүлөт.

Толук маалымат: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 703 токтому менен бекитилген “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурстарын өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 7-главасында берилген.

Шилтемелер:

Токтом — https://cbd.minjust.gov.kg/7-22934/edition/1406/kg

Жобо — https://cbd.minjust.gov.kg/46-3658/edition/1409/kg

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар