БИШКЕКТЕ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСТАРЫНЫН ФИНАЛДЫК ЭТАБЫ ӨТӨТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

4 Сентябрь 2026 ж. 13:50

Көрүлдү: 203

2026-жылдын 23–25-сентябрында Бишкек шаарында “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурстарынын финалдык этабы өтөт.

post.title

 

 

Конкурстардын максаты - алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, билим берүүдө заманбап технологияларды жана методикаларды натыйжалуу колдонгон таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо жана колдоо, ошондой эле алардын кесиптик тажрыйбасын жайылтууга өбөлгө түзүү.

Белгилей кетсек, конкурстар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 703 токтомуна ылайык Агартуу министрлиги тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.

Республикалык финалга конкурстардын үчүнчү - облустук/шаардык этабынын жыйынтыгы боюнча аныкталган 133 мугалим жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 28 педагогикалык кызматкери катышат.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСУ

Жыл сайын өткөрүлүүчү “Жылдын мыкты мугалими” республикалык конкурсу төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

1. Гран-при “Жылдын мыкты мугалими”;
2. башталгыч класстардын мыкты мугалими;
3. кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими;
4. орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими;
5. мыкты математика мугалими;
6. мыкты тарых мугалими;
7. “Адам жана коом” предмети боюнча мыкты мугалим;
8. мыкты чет тили мугалими;
9. мыкты физика/астрономия мугалими;
10. мыкты информатика мугалими;
11. мыкты химия мугалими;
12. мыкты география мугалими;
13. мыкты биология мугалими;
14. “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мыкты мугалим;
15. мыкты музыка мугалими;
16. мыкты дене тарбия мугалими;
17. көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим;
18. аскерге чейинки даярдык боюнча мыкты мугалим.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ”  РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСУНУН ФИНАЛДЫК ЭТАБЫ ҮЧ ТУРДАН ТУРАТ:
1-тур “Педагогикалык кырдаалдар” – тест жана кырдаалдык маселелерди чечүү. Биринчи тур – “Педагогикалык кырдаалдар”, өзүнө педагогикалык иштин моделдерин билүүсүнө жана ар кандай педагогикалык кырдаалдар менен маселелерди чечүүсүнө тесттик сыноолорду камтыйт;
2-тур “Мастер-класс” - конкурсант тарабынан мектеп окуучуларын тарбиялоодо жана социалдаштырууда кесиптик-инсандык компетенцияларын көрсөтүү;
3-тур “Сабак” - катышуучу тааныш эмес класста сабакты даярдоодо, өткөрүүдө жана талдоодо окуу-тарбиялоо процессин жана окуучулардын окуу ишин уюштуруунун негизги формасы катары өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтөт.

Бардык катышуучулар диплом жана “Жылдын мыкты мугалими” төш белгиси менен сыйланат.

Жалпы жыйынтык боюнча эң жогорку упай алган катышуучу Гран-принин ээси болот. Гран-принин ээсине сыйлык катары батир берилет.

Ошондой эле республикалык этаптын үч туру боюнча жогорку упай алган мугалимдер Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктарына ээ болушат.
“Жылдын мыкты мугалими” республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү жобого ылайык номинациялар боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан акчалай сыйлыктарды алышат.
“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСУ
Жыл сайын өткөрүлүүчү “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсу төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлөт: тарбиячы, методист, мамлекеттик тил мугалими жана музыкалык жетекчи.
Аталган категориялардагы талапкерлер үч турда күч сынашат:
1) биринчи тур - конкурстун катышуучусунун кесиптик ишинин тажрыйбасын (анын ичинде ата-энелер менен иштөө) баяндоону, портфолиону камтыган өзү жөнүндө видеопрезентация;
2) экинчи тур - тесттик сыноону өткөрүү жана “Педагогикалык кырдаалдар” тапшырмаларын аткаруу;
3) үчүнчү тур санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-классты көрсөтүү.
“Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсунун финалдык этабынын жыйынтыгы боюнча эң мыкты деп табылган төрт педагог Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Калган катышуучуларга конкурска катышкандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылат.

Ошондой эле республикалык этаптын үч туру боюнча жогорку упай топтоп, байгелүү орундарга ээ болгон катышуучулар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктары жана дипломдору менен сыйланышат.

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ СЫЙЛОО АЗЕМИ

Конкурстардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2026-жылдын 5-октябрында Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкек шаарында өтөт.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө республикалык конкурстардын жеңүүчүлөрүнө жобого ылайык тиешелүү сыйлыктар тапшырылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар