Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
3 Сентябрь 2026 ж. 16:34
Көрүлдү: 152
Бүгүн, 3-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим - өнүккөн өлкө” Улуттук педагогикалык форумунун регионалдык этабы өттү.
Форумга Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин, Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин, Республикалык илимий-методикалык борбордун өкүлдөрү, ошондой эле билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар, жаңы окуу жылындагы негизги өзгөрүүлөр жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.
Катышуучулар мектепке чейинки, жалпы, кошумча жана кесиптик билим берүү багыттарындагы жаңылануулар, окуу программалары менен стандарттар, педагогдордун кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын баалоонун жаңы ыкмалары тууралуу маалымат алышты.
Ошондой эле окуу китептери менен камсыздоо, санариптик билим берүү ресурстарын өнүктүрүү, дуалдык жана профилдик окутууну жайылтуу, билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Форумдун алкагында секциялык жыйындар уюштурулуп, анда катышуучулар адистер менен билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулап, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.