НАРЫНДА УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМДУН РЕГИОНАЛДЫК ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

2 Сентябрь 2026 ж. 15:38

Көрүлдү: 90

Бүгүн, 2-сентябрда, Нарын шаарында "Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим - өнүккөн өлкө" Улуттук педагогикалык форумунун регионалдык этабы башталды. Нарын облусу форумду өткөрүп жаткан алгачкы аймак болду.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин, Республикалык илимий-методикалык борбордун жана башка билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Форумга жалпы 545 адам катышып, алардын катарында райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, бала бакчалардын, мектептердин, кошумча билим берүү уюмдарынын жана кесиптик лицейлердин жетекчилери, алардын орун басарлары жана социалдык педагогдор болду.

Форумдун жүрүшүндө билим берүү тармагындагы негизги өзгөрүүлөр жана жаңы окуу жылындагы актуалдуу багыттар талкууланды.

Мектепке чейинки билим берүү багыты боюнча адистер тармактагы жаңылануулар, балдарды өнүктүрүүнүн жаңы программасы, ваучердик каржылоо системасы жана "Балалык" маалыматтык системасы тууралуу маалымат беришти.

Ал эми Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери педагогдорду жаңы окуу жылындагы негизги мазмундук жана методикалык өзгөрүүлөр, ошондой эле иштелип чыккан окуу-методикалык материалдар менен тааныштырышты. Жаңыланган предметтик стандарттар, окуу программалары, календардык-тематикалык пландар, тарбия иштеринин программасы жана методикалык сунуштамаларга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, 8-класстын окуучулары үчүн профилге чейинки даярдыктын программаларын ишке ашыруунун максаттары, мазмуну жана аны уюштуруунун өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү.

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун өкүлдөрү мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасы, курстардын негизги багыттары жана USTAT порталы тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле жаңы токтомдун негизинде түзүлгөн 7 бирдиктүү облустук билим берүү институту, 27 билим берүүнү өнүктүрүү борбору, жаңыланган 105 курс жана жаңы иштелип чыккан 20 инновациялык курс тууралуу айтылды.

Жаңы окуу жылына карата педагогдорду даярдоо иштеринин алкагында 455 усулчу-тренер жана 25 миң 429 мугалим окутуудан өткөнү белгиленди.

"Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү окуу китептери менен камсыздоо, окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу жана жеткирүү, санариптик окуу китептери, ошондой эле 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында окуу мазмунун жаңылоо тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле катышуучулар kitep.edu.kg сайтындагы санариптик окуу китептери жана окуу китептеринин авторлорун тандоо боюнча жарыяланган ачык сынак тууралуу маалымат алышты.

Республикалык илимий-методикалык борбор тарабынан башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттары боюнча маалымат берилди. Анда өлкөдөгү 94 кесиптик лицейдин билим берүү программалары, кесиптердин тизмесин жаңылоо, иш берүүчүлөр менен кызматташуу, квалификациялар тутумун өнүктүрүү жана билим берүү траекторияларын ийкемдүү уюштуруу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, компетенттүүлүккө багытталган окуу программаларын ишке ашыруу, кесиптик билим берүүдө кредиттик технологияны киргизүү, дуалдык окутууну өнүктүрүү жана 12 жылдык билим берүү моделинин алкагында профилдик окутууну уюштуруу багыттары боюнча маалымат берилди.

Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү билим берүүнүн сапатын баалоонун жаңы улуттук ыкмалары, IDELA инструментин апробациялоо, "Булак" тиркемесиндеги ЖРТ тапшырмаларын масштабдуу экспертизадан өткөрүү, PISA изилдөөсүнүн масштабы жана жыйынтыктары, ошондой эле билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервин түзүү маселелери тууралуу айтып беришти.

Форумдун биринчи бөлүгү билим берүү тармагындагы негизги өзгөрүүлөр жана жаңылануулар менен тааныштырууга арналды. Ал эми экинчи бөлүгүндө секциялык жыйындар уюштурулуп, анда адистер катышуучулардын суроолоруна жооп берип, актуалдуу маселелер боюнча түшүндүрмө беришти.

Эске салсак, "Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим - өнүккөн өлкө" Улуттук педагогикалык форуму 2026-жылдын 2-сентябрынан 9-сентябрына чейин Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар