Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
27 Август 2026 ж. 17:59
Көрүлдү: 122
Бүгүн, 27-августта, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алды.
Коомдук кабылдама аркылуу алдын ала жазылган жарандар министрге түз кайрылып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Жалпысынан 15 маселе көтөрүлдү. Министр тиешелүү маселелер боюнча министрликтин башкармалыктарынын жетекчилерине тапшырмаларды берди. Айрым маселелер жеринде чечилип, кошумча кароону талап кылган маселелер боюнча атайын комиссиялар түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлмөй болду.
Белгилей кетсек, министрдин жана министрдин орун басарларынын жарандарды кабыл алуусуна +996 (312) 62-05-19 телефону аркылуу алдын ала жазылууга болот.