ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНА ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

24 Август 2026 ж. 13:55

Көрүлдү: 580

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 563 токтому менен 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

post.title

Өзгөртүүлөр сапаттуу жалпы билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, инклюзивдик билим берүүнүн принциптерин киргизүүгө, ошондой эле майыптыгы жана өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган.

Атап айтканда, ыңгайлаштырылган жана жекече билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, окуу жүктөмүн, окутуунун методдорун жана баалоо жол-жоболорун ыңгайлаштыруу каралган.

Мындан тышкары, көрүүсү жана угуусу бузулган билим алуучулар үчүн жеткиликтүү форматтагы окуу материалдарын, атайын техникалык каражаттарды жана ассистивдик технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү белгиленген.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар