“ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: ЖАРАТМАН МУГАЛИМ — ӨНҮККӨН ӨЛКӨ” УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМУНУН ЭКИНЧИ КҮНҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

22 Август 2026 ж. 10:56

Көрүлдү: 293

Бүгүн, 22-августта, Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүү уюмунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан өткөрүлүп жаткан “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” Улуттук педагогикалык форумунун экинчи күнү өз ишин баштады.

post.title

Форумга Агартуу министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин, Республикалык илимий-методикалык борбордун өкүлдөрү, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын директорлору жана педагогдору, облустук усулдук билим берүү борборлорунун жана институттарынын өкүлдөрү, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектептердин директорлору, кесиптик лицейлердин директорлору, мугалимдер жана китепканачылар катышууда.

Форумдун экинчи күнү практикалык иштерге багытталган. Анын алкагында бала бакчалардын жетекчилери жана тарбиячылары үчүн “Мектепке чейинки билим берүүдө жасалма интеллект”, “Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн интеллектуалдык жана чыгармачыл сынактар” жана башка актуалдуу темаларда лекциялар жана мастер-класстар өткөрүлүүдө.

Ошондой эле “Мектептик билим берүүнүн жаңыланган мазмуну”, “Профилге чейинки окутуу: мугалимдер үчүн маанилүү сунуштар”, “Баланын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн мугалим, ата-эне жана баланын кызматташтыгы”, “Китептен санариптик ресурска чейин: заманбап китепканада окуучунун маалымат менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү” темаларында лекциялар жана мастер-класстар өтүүдө.

Белгилей кетсек, форумдун жыйынтыгында аткарылган иштер жана сунуштар жалпыланып, резолюция кабыл алынат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар