ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН K-32 ТОБУНУН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ АНТ БЕРИШТИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

22 Август 2026 ж. 10:52

Көрүлдү: 225

2026-жылдын 21-августунда, Тынчтык Корпусунун Кыргыз Республикасындагы K-32 тобунун 24 жаңы ыктыярчысынын ант берүү аземи өттү.

post.title

Жаңы ыктыярчылар алдыдагы эки жыл аралыгында Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 17 жалпы билим берүү уюмунда жергиликтүү англис тили мугалимдери менен биргеликте иш алып барышат. Алар окутуунун жаңы ыкмаларын бөлүшүп, мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүү менен окуучулардын англис тилин үйрөнүүсүнө жана тилдик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.

Аземге АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин атынан Мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирбек Рахматильдеев, ошондой эле K-32 тобунун ыктыярчыларын кабыл алган 17 жалпы билим берүү уюмунун директорлору жана англис тили мугалимдери катышты.

Мирбек Рахматильдеев жаңы ыктыярчыларды куттуктап, алардын кызматы окуучулардын англис тилин өркүндөтүүгө гана эмес, дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтүүгө, өзүнө болгон ишенимин арттырууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө умтулуусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле ыктыярчыларды өз үйлөрүнө кабыл алып, аларга колдоо көрсөткөн кыргыз үй-бүлөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

Кызмат өтөөгө чейин K-32 тобунун ыктыярчылары 11 жумалык даярдоо тренингинен өтүп, кыргыз тилин жана маданиятын, ошондой эле сабак өтүүнүн усулдарын үйрөнүштү.

Тынчтык Корпусу Кыргызстанда 1993-жылдан бери иш алып барып келет. Бул убакыт аралыгында 1 400гө жакын ыктыярчы өлкөнүн алты дубанында иштешкен.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар