Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
21 Август 2026 ж. 16:46
Көрүлдү: 312
2026-жылдын 21-августунда Бишкек шаарындагы «Сейтек» улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим - өнүккөн өлкө” Улуттук педагогикалык форуму өз ишин баштады.
Билим берүү тармагындагы жылдын башкы иш-чарасы 400дөн ашуун катышуучуну - мугалимдерди жана мектеп директорлорун, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана кесиптик лицейлердин кызматкерлерин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди.
Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Токтобүбү Ашымбаева, Салтанат Аманова, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын орун басарлары, ошондой эле өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Форумдун максаты - мектептик билим берүү системасын жаңылоонун жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн маанилүү этабында жетишилген жыйынтыктарды жана алдыдагы пландарды талкуулоо.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы форумдун катышуучуларына куттуктоо сөзү менен кайрылып, бардык агартуучуларды жаңы 2026-2027-окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Ал жыл сайын август айында агартуучулардын башын бириктирип, учурдагы абалга баа берип, жаңы окуу жылына багыттарды аныктоо жакшы салтка айланганын белгиледи.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев жаңы доордо билим берүү системасы сапаттык жактан өзгөрүшү керектигин баса белгиледи.
“Жаңы доорго – жаңы билим. Жаңы билимге – жаратман педагог керек. Бир бүтүн билим берүү экосистемасы – замандын талабы”, - деген ал, жасалма интеллектти окутууга киргизүү, жекелештирилген билим берүү жана 12 жылдык билим берүү системасынын экинчи этабына өтүү бүгүнкү күндүн негизги чакырыгы экенин айтты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы мамлекет тарабынан билим берүү тармагын каржылоо олуттуу жогорулаганын белгиледи. Билим берүүгө бөлүнгөн каражат 2021-жылы 40 млрд сомдон 2025-жылы 75 млрд сомго чейин өстү.
“Бүгүн курулуп жаткан жаңы Кыргызстандын эртеңки тагдыры - бүгүнкү балдардын билиминен жана мугалимдин эмгегинен көз каранды. Билим менен тарбияны айкалыштырып, мугалимдерди колдоо жана билим берүү системасын тынымсыз өнүктүрүү аркылуу гана биз максаттарыбызга жетебиз”, - деди ал.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бардык мугалимдерди жана агартуучуларды жигердүү иштөөгө, жаңычылдыкты кабыл алууга жана кесиптик өнүгүүгө чакырды.
Форумдун иши панелдик дискуссия менен уланып, анын алкагында стратегиялык чечимдер тобу «Жаңы окуу жылына карата чечимдер» темасын талкуулады.
Ошондой эле «Министрлик жооп берет» аттуу ачык диалог өтүп, анын жүрүшүндө катышуучулар актуалдуу суроолорун министр Догдуркүл Кендирбаевага жана министрликтин башкармалыктарынын башчыларына берип, билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.
Эки күнгө созулган Улуттук педагогикалык форумдун программасында билим берүүнүн актуалдуу маселелерине арналган панелдик дискуссиялар жана секциялык жыйындар каралган. Ошондой эле катышуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине баруу пландаштырылган.