МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ БИШКЕКТЕГИ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

14 Август 2026 ж. 18:46

Көрүлдү: 199

Бүгүн, 14-августта, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачева Бишкек шаарындагы бир катар кесиптик лицейлерге барды.

post.title

 

Иш сапардын максаты билим берүү уюмдарынын учурдагы ишмердүүлүгү жана инфраструктурасы, ошондой эле министр тарабынан коюлган башталгыч кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча негизги милдеттердин аткарылышы менен таанышуу болду.

Министрдин орун басары окуу-өндүрүштүк устаканалардын, лабораториялардын жана окуу кабинеттеринин ишин көрүп чыкты. Лицейлердин материалдык-техникалык жактан жабдылышына жана окуучулардын практикалык даярдыгы үчүн заманбап шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Виктория Мозгачева коюлган милдеттерди аткарууда комплекстүү мамиле жасоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөнүн экономикасы үчүн квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоодо кесиптик лицейлер негизги ролду ойной турганын баса белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында жаңы окуу жылына даярдык көрүү жана лицейлердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Ошондой эле кесиптик лицейлерди мындан ары өнүктүрүү, билим берүү программаларын өркүндөтүү жана иш берүүчүлөр менен кызматташууну күчөтүү боюнча артыкчылыктуу багыттар аныкталды.

Белгилей кетсек, кесиптик лицейлердин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү өлкөнүн бардык аймактарында улантылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар