Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
14 Август 2026 ж. 18:16
Көрүлдү: 822
Педагогикалык кызматкерлердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 545 “Облустук билим берүү институттарынын жана билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынды.
Токтомго ылайык, облустук билим берүү институттарынын жана билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун типтүү штаттары бекитилди.
Ошондой эле Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарындагы облустук методикалык билим берүү борборлору, Ош билим берүү институту жана Ысык-Көл облустук билим берүү институту облустук билим берүү институттары болуп кайра уюштурулат.
Мындан тышкары, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттер өз алдынча билим берүүнү өнүктүрүү борборлору болуп өзгөртүлүп түзүлөт.
Мындан ары билим берүүнү өнүктүрүү борборлору педагогдорду усулдук жактан коштоо жана колдоо менен гана алектенип, текшерүү жүргүзө албайт. Ошондой эле аталган борборлор тиешелүү облустук билим берүү институттарына баш иет.
Педагогикалык кызматкерлер үчүн окутууларды жана квалификацияны жогорулатуу иш-чараларын облустук билим берүү институттары уюштуруп өткөрөт. Ал эми Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту облустук билим берүү институттарынын усулчуларын даярдап, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатат.
Ошентип, педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жалпы координациялоо Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту тарабынан жүргүзүлөт.
Бул өзгөртүүлөр педагогикалык кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүн системалуу уюштурууга, квалификацияны жогорулатуу иштеринин бирдиктүү системасын түзүүгө жана аймактардагы мугалимдерге көрсөтүлүүчү усулдук колдоону күчөтүүгө багытталган.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.