ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПТЕРДИН ДИРЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЛИЦЕНЗИЯЛОО МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ОНЛАЙН ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

13 Август 2026 ж. 17:28

Көрүлдү: 60

Бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусунда жеке менчик мектептердин директорлору менен онлайн жыйын өттү.

post.title

Жыйында Виктория Мозгачева билим берүү тармагын санариптештирүү министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтып, лицензиялоо процесси толугу менен санариптик форматка өткөрүлгөнүн белгиледи.

Буга байланыштуу жеке менчик мектептердин жетекчилерине өздүк кабинеттериндеги документтердин актуалдуулугун жана лицензия алууда көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештигин текшерүү зарылдыгы эскертилди. Тиешелүү лицензиясы жок билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жол берилбейт.

Мындан тышкары, менчигинин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык билим берүү уюмдары Агартуу министрлиги тарабынан бекитилген мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын сактоого тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мектептердин бирдиктүү “Э-Күндөлүк” маалыматтык системасында иш алып баруусу боюнча маселелер айтылды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар