КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНЕ ОРУС ТИЛИ БОЮНЧА 671 МИҢ ОКУУ КИТЕБИ ЖЕТКИРИЛЕТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

13 Август 2026 ж. 13:45

Көрүлдү: 107

Бүгүн, 13-августта, Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн келген окуу китептерин кабыл алуу-өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү.

post.title

Окуу китептери сакталган кампада өткөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин директору Тологон Аматов жана “Моя история” фондунун Эл аралык кызматташтык департаментинин жетекчисинин орун басары Павел Гнидин катышты.

Кыргызстанга 1-, 2- жана 5-класстын окуучулары үчүн “Орус тили жана окуу” предмети боюнча жалпы нускасы 671 миң даананы түзгөн адаптацияланган окуу китептери жеткирилди.

Окуу китептери Кыргызстандын жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттардын, билим берүү программаларынын негизинде эки өлкөнүн басма үйү менен биргеликте даярдалган.

Бул окуу китептери жаңы окуу жылында кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептердин 1-, 2- жана 5-класстарынын окуучуларынын “Орус тили жана окуу” предмети боюнча окуу китептерине болгон муктаждыгын толук камсыздайт.

Окуу китептеринин берилиши Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.

Долбоор эки өлкөнүн Агартуу министрликтеринин колдоосу менен ишке ашырылып, билим берүү жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган. Долбоор «Моя история» гуманитардык илимдерди колдоо фонду тарабынан «Просвещение» басмасы менен биргеликте ишке ашырылууда.

Жакынкы күндөрү окуу китептери Кыргызстандын бардык район жана шаарларындагы мектептерге толугу менен жеткирилет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар