КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

13 Август 2026 ж. 13:07

Көрүлдү: 89

Бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусунда республикадагы башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен онлайн жыйын өттү.

post.title

Жыйында министр башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгына жаңы башчы дайындалып, жаңыланган команда ишин баштаганын маалымдады. Башкармалыктын башчысы болуп буга чейин Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүн жетектеп келген Бактыгүл Акулова дайындалды.

“Алдыда кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзөбүз. Кесиптик лицейлерди лицензиялоо иштерин жөнгө салуу, жатаканалардын ишмердүүлүгү боюнча жаңы жоболорду иштеп чыгуу, лицейлердин аймактарын жашылдандыруу, алардын муктаждыктары жана кемчиликтери боюнча талдоо жүргүзүү зарыл. Ошондой эле кесиптик билим берүү системасында санариптештирүү иштерин өркүндөтүү керек”, — деди министр Догдуркүл Кендирбаева.

Мындан тышкары, министр окуучулардын стипендиясын жогорулатуу маселесин кароо жана кесиптик лицейлердин коомдогу аброюн жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле кесиптик лицейлерге окуучуларды кабыл алуу иштеринин жүрүшү, алдыда өтө турган улуттук форумга даярдык көрүү маселелери боюнча тапшырмалар берилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар