Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
12 Август 2026 ж. 12:41
Көрүлдү: 81
2026-жылдын 7-августунан 13-августуна чейин Кыргызстан Минск шаарындагы Жумаш Асаналиев атындагы №11 орто мектептин окуучуларын кабыл алууда. Сапардын алкагында окуучулар Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоо-реабилитациялоо комплексинде эс алып, аймактын тарыхый-маданий жайлары менен таанышууда.
Маданий программанын алкагында коноктор Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылындагы Жумаш Асаналиев атындагы мектепке барып, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин элесине арналган эскерүү митинг-реквиемине катышты.
Мындан тышкары, окуучулар үчүн экскурсиялык программа уюштурулду. Алар Жыргалаң курортуна, Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы музейине жана «Рух Ордо» маданий борборуна барышты.
Эске салсак, 2024-жылы Минск шаарындагы №11 орто мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылган. Акыркы эки жыл аралыгында кыргызстандык окуучулар Беларуска барып, балдар лагерлеринде эс алып келишкен. Быйыл улантылып жаткан билим берүү жана маданий алмашуунун алкагында Кыргызстан Минск шаарынан келген окуучуларды биринчи жолу кабыл алууда.