Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Август 2026 ж. 12:30
Көрүлдү: 78
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 23-июнундагы № 894/1 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарына профилдик окутууну киргизүү жөнүндө» буйругу менен жалпы билим берүү уюмдарында профилдик окутууну киргизүүнүн этаптары бекитилди.
Аталган буйрукту ишке ашыруунун алкагында профилге чейинки даярдоону уюштуруу боюнча методикалык сунуштар иштелип чыгып, «Кут Билим» гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 30 санына жарыяланды.
Профилдик окутуу – билим берүү процессинин түзүмүн, мазмунун жана уюштурулушун өзгөртүү аркылуу окуучунун ыктоосун жана жөндөмүн эске алуу менен кесиптик кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына ылайык билимин улантууга же эмгек рыногуна кирүүгө мүмкүндүк берген, дифференциациялоого жана жекелештирүүгө багытталган билим берүү.
Буйрукка ылайык, профилдик окутуу үч этап менен ишке ашырылат.
I этап – 2026–2027-окуу жылында:
8-класстарда профилге чейинки даярдоо программасы киргизилет;
жогорку класстарда кесиптик-колдонмо багыты боюнча профилдик программалар апробациядан өткөрүлөт;
жалпы билим берүү уюмдары менен башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын ортосунда тармактык өз ара аракеттенүү уюштурулат.
II этап – 2027–2028-окуу жылында:
9-класстарда профилге чейинки даярдоо программасы киргизилет;
11-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багыттары боюнча профилдик программалар ишке киргизилет.
III этап – 2028–2029-окуу жылында:
12-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багыттары боюнча профилдик программалар киргизилет.
Профилдик окутууну ишке ашырууда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
Профилге чейинки даярдоо – жогорку класстарда окуу профилин тандоодо окуучулардын өз алдынча чечим кабыл алуусун камсыз кылган негизги жалпы билим берүү деңгээлиндеги педагогикалык, маалыматтык жана уюштуруу иш-аракеттеринин системасы.
Профилдик окутуунун кесиптик-колдонмо багыты – окуучулардын кесипке чейинки көндүмдөрүн өздөштүрүүсүнө, кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну улантууга жана (же) эмгек рыногуна чыгууга даярдоого багытталган окутуу.
Профилдик окутуунун академиялык багыты – орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окууну улантууга даярдоо максатында окуу предметтери жана (же) билим берүү тармактары боюнча тереңдетип окутуу.
Профилдик окутуунун модели – жалпы билим берүү уюмунда профилдештирилген багыттарын, түзүмүн жана мазмунун, профилдик окутууну уюштуруу формаларын аныктоочу параметрлердин жыйындысы.