КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА АЛТЫН ЖАНА КҮМҮШ МЕДАЛДАРДЫ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

11 Август 2026 ж. 11:21

Көрүлдү: 107

Кыргызстандын курама командасы Жасалма интеллект боюнча III эл аралык олимпиадада (IOAI 2026) алтын жана күмүш медалга, ошондой эле ардак грамотага ээ болду.

post.title

Олимпиада 2026-жылдын 2–8-августунда Казакстандын Астана шаарында өтүп, ага 106 өлкөдөн 400дөн ашуун мектеп окуучусу катышты.

Кыргызстандык окуучулардын жыйынтыктары:

  • Ян Бобрус, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу — алтын медаль;
  • Сабыр Алымбеков, “Маариф” билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
  • Айвар Тынчтыкбеков, “Акылман” президенттик мектебинин 9-классынын окуучусу — ардак грамота;
  • Аруке Сулайманова, №6 жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу — олимпиаданын катышуучусу.

Өлкөлөрдүн жалпы рейтингинде Кыргызстандын курама командасы 15-орунду ээледи.

Команданын жетекчилери — Исхак Тажибаев, Мамат Ишматов жана Артём Александрович Беляев.

Машыктыруучулар курамы — Матвей Низовский, Айдин Асанкадыров жана Акниет Кенжегулов.

Жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиада (IOAI) мектеп окуучулары арасында өткөрүлүп, машиналык үйрөнүү, маалыматтар менен иштөө жана жасалма интеллект моделдерин иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды камтыйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар