Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
10 Август 2026 ж. 10:47
Көрүлдү: 188
Бүгүн, 10-августта, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун базасында Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын усулчулары үчүн төрт күндүк окутуу башталды.
10–13-август күндөрү өтүүчү окутууга жалпы 199 усулчу катышууда.
Окутуунун негизги темасы – «Математика жана табигый-илимий предметтерди окутуудагы жаңы багыттар».
Усулчулар жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттары, окуу программалары, окуу-методикалык комплекстер, ошондой эле заманбап педагогикалык технологиялар боюнча атайын даярдыктан өтүшөт.
Окутууну Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын жана «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү өткөрүүдө.
Окутуудан өткөн усулчулар өз аймактарында мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүшөт. Мындан тышкары, аларга окуу жылынын ичинде үзгүлтүксүз усулдук-методикалык колдоо көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, 4–7-август күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында өлкөнүн түштүк аймактарындагы усулчулар үчүн да төрт күндүк окутуу өткөрүлгөн.