БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ТАНДОО: КИЙИНКИ ЭТАПКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ЭЛЕКТРОНДУК ӨТҮНМӨЛӨРДҮ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

7 Август 2026 ж. 13:03

Көрүлдү: 449

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине талапкерлерди конкурстук тандап алуунун кийинки этабына электрондук өтүнмөлөрдү жана документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 8-августунда башталарын маалымдайт.

post.title

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 857/1 буйругу менен бекитилген графикке ылайык:

8-августтан 31-октябрга чейин — талапкерлердин электрондук арыздарын жана документтерин кабыл алуу жана экспертизалоо;
16-ноябрдан 27-ноябрга чейин — квалификациялык тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү;
7-декабрдан 11-декабрга чейин — конкурс өткөрүү.

Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө жобого ылайык, талапкерлердин электрондук арыздары жана документтери эксперттик комиссия тарабынан 10 жумуш күнүнүн ичинде каралат. Кароонун жыйынтыгы тууралуу маалымат талапкерлердин жеке кабинеттерине жөнөтүлөт.

Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кадрлар резервине кирүү үчүн конкурстук тандоого катышууну каалаган талапкерлер электрондук арыздарын жана тиешелүү документтерин белгиленген мөөнөттө «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тапшыра алышат.

Токтом

Жобо

Жобо 1

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар