БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ТЕСТИРЛӨӨ: БИРИНЧИ ЭТАПТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

5 Август 2026 ж. 13:48

Көрүлдү: 695

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо боюнча 2026-жылдын 25–31-июль күндөрү өткөрүлгөн квалификациялык тестирлөөнүн биринчи этабынын жыйынтыгын жарыялайт.

post.title

Квалификациялык талаптарга жооп берип документтери экспертизадан ийгиликтүү өткөн 1730 талапкер тестирлөөгө катышууга уруксат алган. Алардын ичинен 1416 талапкер тестирлөөгө катышып, 1102 талапкер белгиленген 60 пайыздык босого көрсөткүчтөн жогору жыйынтык көрсөттү. Натыйжада тестирлөөгө катышкан талапкерлердин 77,8 пайызы биринчи этаптан ийгиликтүү өттү.

Билим берүү уюмдарынын түрлөрү боюнча ийгиликтүү өтүү көрсөткүчү төмөнкүдөй болду:

• жалпы билим берүү уюмдары – 85%;

• мектепке чейинки билим берүү уюмдары – 64%;

• башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары – 85%;

• балдарга кошумча билим берүү уюмдары – 87%.

Белгилей кетсек, тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлдү. Белгиленген күнү жүйөлүү себептер менен катыша албай калган талапкерлер үчүн 2026-жылдын 31-июлунда резервдик тестирлөө уюштурулду. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан өткөрүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар