МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МАТЕРИАЛДАРЫНА ФУНКЦИОНАЛДЫК ТАЛДОО БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

30 Июль 2026 ж. 16:49

Көрүлдү: 404

29–31-июль күндөрү Ысык-Көл облусунда мектепке чейинки билим берүү боюнча колдонулуп жаткан материалдарга функционалдык талдоо жүргүзүүгө арналган семинар өтүүдө.

post.title

Семинар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан 2025–2029-жылдары Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ), Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (GPE) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан SMART-ED ISDB/ISFD/GPE биргелешкен долбоорунун алкагында уюштурулду.

Семинардын ишине мектепке чейинки билим берүү материалдарына функционалдык талдоо жүргүзүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз билим берүү академиясынын жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышууда.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мектепке чейинки билим берүү үчүн жаңы материалдарды иштеп чыгууга көрсөткөн колдоосу үчүн ЮНИСЕФке ыраазычылык билдирип, аларды түзүүдө негизги көңүл балага бурулушу керектигин белгиледи.

“Материалдарды түзүүдө “Кыргыз жараны” концепциясына таянып, биз азыркы замандын чакырыктарына ыңгайлашкан, башкаларды түшүнө билген жана баарлашуу көндүмдөрүнө ээ болгон балдардын муунун тарбиялап жатканыбызды эске алуу зарыл”, — деп белгиледи министр.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар мектепке чейинки билим берүүдө колдонулуп жаткан материалдардын функционалдык талдоосунун жыйынтыктарын карап чыгып, аныкталган кемчиликтерди талкуулашты жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды айтышты.

Иштин жыйынтыгында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн жаңы компетенттүүлүккө багытталган билим берүү материалдарын, ошондой эле мугалимдер жана ата-энелер үчүн методикалык материалдарды иштеп чыгууга негиз боло турган сунуштар даярдалат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар