2026–2027-ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА 11 ЖАНА 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ҮЧҮН БАЗИСТИК ОКУУ ПЛАНДАРЫ БЕКИТИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

27 Июль 2026 ж. 11:29

Көрүлдү: 499

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата 11 жылдык мектептик билим берүү жана 12 жылдык окуу мөөнөтүнө этап-этабы менен өтүүчү класстар үчүн базистик окуу пландарын бекитти.

post.title

12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи этабында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстарда окуу процесси жаңыланган билим берүү программалары жана окуу-методикалык комплекстери менен жүргүзүлөт. Мындан тышкары, жаңы окуу жылынан тартып 8-класстарга жумасына 2 сааттык профилге чейинки компонент киргизилет.

Ошол эле учурда, 11 жылдык мектептик билим берүү системасы боюнча окуусун уланткан 3, 4, 9, 10 жана 11-класстарда окуу процесси «Чет тили» предмети боюнча (3–9-класстар) колдонулуучу окуу-методикалык комплекстеринен тышкары, 11 жылдык мектеп үчүн иштелип чыккан билим берүү программаларынын жана окуу-методикалык комплекстердин негизинде жүргүзүлөт.

Бекитилген базистик окуу пландарына ылайык, өлкөдө өткөрүлө турган ири мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларга байланыштуу республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылы 2026-жылдын 15-сентябрында башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт.

Жайкы каникул мезгили эсепке алынбаганда окуу жылынын узактыгы 1-класста – 32 жуманы, 2-класста – 33 жуманы, ал эми 3–11-класстарда 34 жуманы түзөт.

2026–2027-окуу жылындагы мектептик каникулдардын графиги:

күзгү – 5 календарлык күн (2026-жылдын 1115-ноябры, сабактар 2026-жылдын 16-ноябрынан улантылат);

кышкы 10 календарлык күн (2027-жылдын 110-январында, сабактар 2027-жылдын 11-январынан улантылат);

жазгы 6 календарлык күн (2027-жылдын 38-мартында, сабактар    2027-жылдын 9-мартынан улантылат);

майдагы (майрамдык) 9 календарлык күн (2027-жылдын 19-майында, сабактарга 2027-жылдын 10-майында кайтышат).

Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн мектептик каникулдар эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага кошумча узартылат.

Кошумча каникулдардын мөөнөтү райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары тарабынан аймактык-климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен белгиленет.

2026-2027-окуу жылына 11 жылдык мектептик билим берүүдөгү Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу пландары

2026-2027-окуу жылында 12 жылдык окуу мөөнөтүнө этап-этабы менен өтүүчү Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын класстары үчүн базистик окуу пландары

Базистик окуу пландарына түшүндүрмө кат "Кут Билим" гезитине жарыяланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар