Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Июль 2026 ж. 19:36
Көрүлдү: 92
23-июлда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине англис тилинен которулуп, “Таалим-Форум” коомдук фонду тарабынан кыргыз тилинде басылып чыккан “Балдар үчүн JavaScript” китебинин 4 500 нускасы тапшырылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Кристал Овермейр, "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемесинин башкы редактору Данияр Ашимов жана “Таалим-Форум” коомдук фондунун директору Алмагүл Осмонова катышты.
«Балдар үчүн JavaScript» китебинин кыргыз тилиндеги басылышы окуучулардын мамлекеттик тилдеги заманбап билим берүү материалдарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана алардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Китеп жөнөкөй жана кызыктуу тилде JavaScript программалоо тилинин негиздерин түшүндүрүп, балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн жана маалыматтык технологияларга болгон кызыгуусун арттырууга көмөктөшөт. Китеп АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен басылып чыкты.
Белгилей кетсек, китептин биринчи басылышы 2023-жылы 3 500 нускада жарык көрүп, өлкөдөгү китепканаларга таратылган. Ал эми министрликке өткөрүлүп берилген экинчи басылышы өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарына билим берүү процессинде пайдалануу үчүн акысыз бөлүштүрүлөт.