Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
23 Июль 2026 ж. 17:48
Көрүлдү: 104
Бүгүн, 23-июлда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жазуучу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовду кабыл алып, аны 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, «Кыргыз билимине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйлады.
Министр куттуктоо сөзүндө Абдыкерим Муратовдун өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы зор экенин белгилеп, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Абдыкерим Муратов кыргыз адабиятынын жана билим берүү тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал кыргыз адабияты боюнча окуу программаларынын, бир катар окуу китептеринин жана илимий-усулдук эмгектердин автору. Анын эмгектери билим берүү процессинде кеңири колдонулуп, көп жылдык педагогикалык ишмердиги улуттук билим берүү системасын өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлейт.