БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

23 Июль 2026 ж. 16:55

Көрүлдү: 103

Бүгүн, 23-июлда, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана министрдин орун басары Виктория Мозгачева Корея Республикасынын «Lambino» IT компаниясынын башкы директору Ли Су Ёнг менен жолугушту.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө Мухтарбек Баймурзаев билим берүү тармагында реформалар, анын ичинде министрликтин бирдиктүү санариптик билим берүү экосистемасы тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле өлкөнүн ар бир аймагында окуучуларды, педагогдорду, билим берүү уюмдарынын жетекчилерин жана билим берүү тармагындагы башка кызматкерлерди баалоо үчүн заманбап тестирлөө борборлорун түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Ли Су Ёнг компаниянын ишмердүүлүгү жана Кыргызстандагы мамлекеттик органдар менен кызматташуу тажрыйбасы тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле ал санариптик трансформацияны ишке ашыруу боюнча планды жана негизги багыттарды иштеп чыгуу, педагогдор үчүн окутуу программаларын уюштуруу, , IT багытындагы онлайн лекцияларды даярдоо жана башка багыттар боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар билим берүү тармагын санариптештирүү боюнча айтылган сунуштарды карап чыгып, өз ара кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары талкуулоону макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар